Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 6-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы чет элдик өнөктөштөр менен мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү боюнча Тышкы иштер министрлигинин ишмердиги тууралуу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен тышкы иштер министри өлкөнүн түрдүү эл аралык уюмдарга катышуусу боюнча учурдагы маселелерди, ошондой эле жогорку деңгээлде чет өлкөлөр менен жакын арадагы байланыштар туурасында маселелерди талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан тышкары  стратегиялык өнөктөштөр менен  бирдикте ишке ашырып жаткан инфраструктуралык ири объектилердин курулуштарынын жүрүшү дагы талкууланды.

Мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын чет мамлекеттер менен мамилелерин өз ара пайдалуу негизде чыңдоо, эл аралык уюмдардын алкагында ишмердикти жандандыруу боюнча багытын мындан ары уланта берүү зарыл экендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлиги өз ишмердигинде ар дайым Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын көздөөгө тийиш экендигин баса белгиледи.

6-май, 2014-жыл

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.