Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 3-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АтамбаевТүркия Республикасына иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы  менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун Жогорку кенешинин 3-отурумунун алкагында Түркиянын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоганменен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда эки тараптуу мамилелердин түрдүү аспектилериндеги маселелер талкууланды.
 
Президент Алмазбек Атамбаев менен Премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдарды, өлкөлөр ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
 
Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун Жогорку кенешинин 3-отурумунун өткөрүлүшү мамлекеттер ортосундагы мамилелердин жогорку саясый деңгээли сакталгандыгын ырастагандыгын белгиледи.
 
Президент менен Премьер-министр инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд. АКШ долларына жеткирүүгө багытталган иштерди жүргүзүү боюнча пландарды белгилешти.
 
Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагында кызматташуунун маанисин белгилеп өттү.
 
Түркиянын Премьер-министри Стратегиялык кызматташуунун Жогорку кенешинин 3-отурумунун ийгиликтүү өткөрүлүшүн айтып, түрдүү тармактарда, анын ичинде транспорт жана инфраструктура, транзиттик транспорттук коридорлорду түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанисин баса белгиледи.
 
Президент Алмазбек Атамбаев Жогору кеңештин отурумунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө багытталган жакшы чечимдер кабыл алынгандыгын маалымдады. Тактап айтканда, Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда экономикалык кызматташууну активдештирүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү  караштыруу максатында Түркиянын экономика министринин Кыргызстанга жакында боло турган иш сапары  кызматташууну өнүктүрүүгө катуу  түрткү берээрин белгиледи.
 
Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев менен Премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулап, азыркы коркунучтарды чогуу жеңүүдө жалпы умтулуубуз бекем экендигин ырасташты.
 
Тараптар Жогорку кенештин 3-отурумунун ийгиликтүү өткөндүгүн, эки тараптуу кызматташууну өз ара түшүнүшүү жана  ишеним көрсөтүү маанайында чыңдоодо жана активдештирүүдө анын өзгөчө маанисин баса белгилешти.
 
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Президент Алмазбек Атамбаев менен Премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун Жогорку кенешинин үчүнчү отурумунун Биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту.
 
Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев менен Премьер-министр Режеп Тайип Эрдогандын катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:
 
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Протокол;
 
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда метрология тармагында Макулдашуу.

 

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.