Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 3-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АтамбаевТүркия Республикасына иш сапарынын алкагында Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы түрдүү тармактагы эки тараптуу кызматташуу жогорку деңгээлде экендиги белгиленди. Мамлекет башчылары кыргыз-түрк мамилелери жана анын келечеги тууралуу маселелерди кеңири талкуулашты.
 
Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Абдуллах Гүл мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, өлкөлөр ортосундагы кызматташууну, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык тармактардагы кызматташууну активдештирүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
 
Тактап айтканда, Мамлекет башчылары экономикалык кызматташууну тереңдетүү зарылчылыгын баса белгилешти.
 
Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Абдуллах Гүл эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун бардык деңгээлиндеги байланыштарды чындоонун маанисин белгилешти.
 

Мамлекет башчылары кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелерди чындоодо алдыдагы боло турган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Саммитинин маанисин белгилешти.

 

 

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.