Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Президент Алмазбек Атамбаев Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачуу салтанатына катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 4-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АтамбаевТүркия Республикасына иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигин ачуу салтанатына катышышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Чыңгыз Айтматов бүткүл түрк дүйнөсүнүн чыгаан инсаны болгондугун белгиледи.
 
 “Залкар жазуучунун чыгармачылыгы - жалпыбыздын маданий кенчибиз. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Чыңгыз Айтматов азыркы замандын эң көп окулган авторлорунун бири. Көзү тирүү кезинде эле адабий классик деп аталган. Залкар жазуучунун чыгармалары 176дан ашык тилге которулуп, дүйнөнүн 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен чыгарылган”, - деди Алмазбек Атамбаев.
 
“Түркияда Чыңгыз Айтматовду, анын чыгармачылыгын абдан жогору бааларын жакшы билебиз. Көп шаарларда анын ысымы сейил бактарга, көчөлөргө, окуу жайларына ыйгарылган. Атактуу жазуучунун бардык чыгармалары түрк тилине которулган”, - деди Алмазбек Атамбаев.
 
Мамлекет башчысы Чыңгыз Айтматов таланты менен, өз эмгеги менен түрк ааламынын гана эмес, дүйнө элдеринин сүймөнчүгүнө ээ болгондугун белгиледи. “Жазуучунун чыгармалары дүйнөлүк маданияттын мыкты щедеврлеринин катарына кошулуп, түрк дүйнөсүнүн жана жалпы адамзаттын кенчине айланып калды”, - деди Алмазбек Атамбаев.
 
Мамлекет башчысы жалпы Кыргызстандын элинин атынан Түркия Өкмөтүнө жана Анкара шаарынын жетекчилерине Чыңгыз Айтматовдун ысымын борбор шаардын проспектине ыйгаргандыгы жана улуу жазуучунун эстелигин орноткондугу үчүн ыраазычылык  билдирди.
 
Президент боордош өлкөлөрдүн ортосунда маданий-гуманитардык тармактагы байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанисин белгиледи.
 

Салтанатка Түркия Республикасынын вице-премьер-министри Эмруллах Ишлер, Анкара шаарынын мэри Мелих Гокчек, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун башкы катчысы (ТЮРКСОЙ) Дюсен Касеинов жана Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуб Омероглу катышышты.

 

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.