Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Президент Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин IV Саммитине катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 5-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АтамбаевТүркия Республикасынын Бодрум шаарында өткөрүлгөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин IV Саммитине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө жолугушууну жогорку деңгээлде уюштуруп, меймандостук менен тосуп алгандыгы, ТМКК IV Саммитин жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Түркия Республикасына, уюмда төрагалык кылган мезгилдеги жыйынтыктуу иши үчүн Азербайжан Республикасына ыраазычылык  билдирди. “Жыл өткөн сайын  уюмубуздун  кадыр-баркы өсүп жатат
 
. Габала шаарында өткөрүлгөн саммитке төрт өлкө катышкан. Бүгүн Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов дагы катышып олтурат. Биздин жолугушуу туризм темасына арналган. Бул тармак өз ара мамилелерди тереңдетүүгө, транспорттук, соода жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Түрк дүйнөсүнүн бардык өлкөлөрүндө туризмди өнүктүрүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин өлкөлөрдүн жаратылышы абдан кооз – абасы таза, асман тиреген тоолору, ажайып токойлору, мөлтүр суулары, таптаза көлдөрү бар”, - деди Алмазбек Атамбаев.
 
Мамлекет башчысы Кыргызстандын аймагында көптөгөн бөтөнчө табигый жана рекреациялык ресурстар, Улуу Жибек Жолунда улуттук, маданий жана тарыхый мурастын объекттери бар экендигин белгиледи. “Кыргызстанда 50дөн ашуун өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизилген. Дүйнөлүк туристтик уюмдун аныктамасы боюнча Кыргызстан туристтик инфраструктураны тиешелүү деңгээлде өнүктүрсө, жылына 2,5 млн. чет элдик туристти кабыл алууга жөндөмдүү. Боордош Түркия Республикасынын ушул тармактагы тажрыйбасы биз үчүн жакшы үлгү. ТМКК өлкөлөрү бул тажрыйбаны региондук өнөктөштүктү активдештирүү аркылуу гана ишке ашырууга болот”,- деди Алмазбек Атамбаев.
 
Мамлекет башчысы мындай тажрыйба менен алмашуу үчүн ТМКК өлкөлөрүнүн ар жылдык туристтик көргөзмөлөрүн өткөрүүнү сунуш кылды. Бул көргөзмөлөрдө тажрыйба алмашып, туристтик индустриянын алдыңкы жетишкендиктери көрсөтүлмөк. ”Туристтик көргөзмөлөрдү өткөрүүчү жерлердин бири катары Борбордук Азиянын бермети болгон Ысык-Көлдү сунуштайбыз. Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүндүгү абдан кеңири: санаториялык-ден соолукту чыңдоодон баштап тоо туризминин экстремалдык түрлөрүнө чейинки көптөгөн багыттары бар. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ушул жылы биз Түрк дүйнөсүнүн архитектурасы жана шаар курулушу боюнча эл аралык курултайды, ошондой эле “Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын” өткөрүүнү болжолдоп жатабыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.
 
“Эки-үч негизги проблеманы чечүүгө багыт алуу көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүп, биздин жана өкмөттөрүбүздүн ишинин сапаттуу болушуна түрткү берет деп ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.
 
Мамлекет башчысы туризм чөйрөсүндө маалыматтар менен алмашуу тармакты өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү экендигин белгиледи. “Биз маалымат технологияларынын чөйрөсүндө биргелешкен ишканаларды түзүүнү колдошубуз керек. Ошону менен бирге Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин ТМКК өлкөлөрүнүн инвестициялык фондун түзүү боюнча сунушун колдойбуз”,- деди Алмазбек Атамбаев.
 
Мамлекет башчысы ТМКК институционалдык негизи чыңдалып жаткандыгына  канааттануусун билдирди. “Бодрум декларациясы  кызматташуубуз конкреттүү жыйынтыктарды бериши үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат. Өз ара кызматташуубуз жакшы натыйжаларды берет деп ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.
 
Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле ТМКК башкы катчысы катары аткарган иши үчүн Халил Акынжыга ыраазычылык билдирди. Түрк Республикасына уюмдун төрагасы катары ишине ийгилик каалады.
 
 Мындан тышкары Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл регионалдык коопсуздуктун, келип чыккан коркунучтардын алдын алуу үчүн биргелешип кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулоонун маанисин белгиледи. Туризм маселеси боюнча кеп кылып келип, Абдуллах Гүл туризм тармагында кызматташууну чыңдоо менен өлкөлөр экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды дагы бекемдеп жаткандыгын баса белгиледи.
 
Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев ТМКК өлкөлөрү ТМКК алкагында гана бири бирин колдобостон, башка эл аралык уюмдарда дагы улуттук кызыкчылыктарды коргоого көмөктөшөөрүн белгиледи.
 
Өз кезегинде Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев ТМКК өлкөлөрүнүн экономикалык зор мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин, аны пайдалануу зарылчылыгын белгилеп өттү ТМКК өлкөлөрү туристтик кызмат көрсөтүү рыногунда өз үлүшүн  көбөйтүүгө  тийиш экендигин айтты.
 
Мамлекет башчылары экономиканы өнүктүрүүдө жана өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого түрткү берчү ТМКК өлкөлөрүнүн ортосунда транспорттук коридорлорду  өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти.
 
ТМКК катышуучу-өлкөлөрүнүн Саммитинин жыйынтыгы боюнча Бодрум декларациясы кабыл алынды.

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.