Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Борбордук Азии жана Япония мамлекеттери Бишкекте 10 жылдык жаңы кызматташууга кол коюшту

Бишкек, 16-июля /Аскат Турусбеков - Кабар/. Бүгүн Бишкекте өткөн «Борбордук Азия+Япония» диалогунун катышуучулары  10 жылдык өз ара пайдалуу  жаңы кызматташууга кол коюшту. 

 

Кызматташууга Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Казакстандыкы Ерлан Идирисов, Тажикстандыкы Сироджидин Аслов, Түркмөнстандыкы Рашид Миредов, Өзбекстандыкы  Абдулазиз Камилов жана  Япониянын тышкы иштер министри   Фумио Кисида кол койду.

Э.Абдылдаевдин айткандарына караганда, бул маанилүү документ Борбор Азия мамлекеттери менен Япониянын кызматташуусу үчүн маанилүү аянтча болот. Анда туруктуу өнүгүү, соода-экономикалык байланышты кеңейтүү,  ошондой эле азыркы коркунучтарга каршы талкуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.

«Бул келишим  кызматташууну тереңдетүү жана кеңейтүүгө шарт түзөт. Бүгүн   өлкөлөр арасындагы кызматташууну күчөтүү үчүн жана аймактагы курч көйгөйлөрдү чечүү максатында ишкердүү жана  өтө ачык-айкын  пикир алышуу болду. Мындай атмосфера биздин аймак үчүн конкреттүү сүйлөшүүлөргө  жетишүүгө мүмүкүнчүлүк түздү”, - деди министр.

Министр «Борбордук Азия + Япония» диалогуна 2 жылдык төрагалык кылуу Түркмөнстанга өтөөрүн кошумчалады. «Бул сунуш  бардык катышуучулардын макулдугу менен чечилди”, - деди Э.Абдылдаев.

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.