Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

alt

Бишкек, 5-август /Кабар/. Бүгүн, 2014-жылдын 5-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумунун жыйынтыктары, ошондой эле Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушуу боюнча министр Эрлан Абдылдаевдин докладын укту.

Президент Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев мындан тышкары күн тартибиндеги регионалдык жана эл аралык маселелерди талкуулашты.

Мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлиги чет элдик өнөктөштөр менен ар тараптуу байланыштарды өнүктүрүү жана орун алган маселелерди чечүүдө өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишүүдө Кыргызстандын улуттук таламдарын милдеттүү түрдө эске алуу менен активдүү ишти улантуу зарылдыгын белгилеп өттү.

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.