Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

КРнын ТИМнин расмий билдирүүсү 2015-жылдын 26-февралы

Беларус Республикасынын аймагында оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Интерпол тарабынан издөөгө жарыяланган Кыргыз Республикасынын жараны Анапияев Алмамбет Маматалиевичтин өлтүрүлгөндүгү жөнүндө фактыларга, ошондой эле бул кылмыш иши боюнча кармалган КРнын жараны Гүлжигит Абилазизовдун көрсөтмөлөрүнө байланыштуу, Бакиев Жаныбек Салиевичти жана башка издөөдөгү адамдарды кармоо жана экстрадициялоо маселеси боюнча Беларус Республикасынын расмий органдарынын позициясына карата КРнын ТИМги өзүнүн терең тынчсыздануусун жана түшүнбөстүгүн дагы бир ирет билдирет.
Мындан мурун КРнын компетенттүү органдары жарандык, үй-бүлолүк кылмыш иштери жана башка эл аралык келишимдер боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө Конвенцияга ылайык, Беларус тарабы өзүнө алган милдеттерин ишке ашыруу керектиги жөнүндө өтүнүч менен Беларус Республикасынын мамлекеттик органдарына бир нече жолу кайрылып келген. Жогоруда айтылып кеткен Конвенцияга ылайык, "тараптар кылмыш жасаган адамдарды издөөгө, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана аларга карата тиешелүү өкүм жазасын аткаруу багытында жардам берүүгө милдеттүү".
 
Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө оор кылмыштары үчүн сот тарабынан жазаланган Ж.Бакиев жана башка анын айланасындагы адамдар эл аралык издөөдө жүргөндүгүнө карабастан, Беларус Республикасынын аймагында эркин жашап, ал аз келгенсип оор кылмыш жасап жаткандыгы боюнча Кыргыз тарабы өзүнүн өтө терең тынчсыздануусун билдирет.
 
Кыргыз тарабы, Беларус Республикасынын мындай позициясы эки өлкөнүн ортосундагы достук жана союздаштык мамилелеринин мазмунуна таптакыр жооп бербейт деп эсептейт. Ошондой эле, жакында эле "нормандиялык төрттүн" кезектеги саммити өткөн "дүйнөлүк ишенимдин аймагы" ролуна талапкер болуп жаткан Беларус Республикасы түздөн-түз кылмышкерлерди жана кылмыш элементтерин жаап-жашыруу жолун тандагандыгына өкүнүчүн билдирет.
 
Кыргызстан, эл аралык милдеттерге ылайык, жогоруда аталган кылмышкерлерди кармоо жана экстрадициялоо боюнча конкреттүү жана жыйынтыктуу чараларды көрүүтө Беларус тарабын кайрадан чакырып кетет.

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.