Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) белгилөө жөнүндө маалыматы

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо тууралуу»Мыйзамына ылайык, 2016-жылдын 11-декабры, жекшемби күнгө референдум (бүткүл элдик добуш берүү) белгиленген.

Түркия Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн, консулдук каттоого турган жана биометрикалык маалыматтарды берген Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын Анкара шаарындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун имараттарында 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дөн 20.00гө чейин добуш бере алышат.

         Шайлоочулардын тизмесинде бар экендигин билүү, консулдук каттоого мурда турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарына мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү жана тактоо максатында, Элчилик түздөн түз Элчиликтин консулдук бөлүмүнө (адреси: Turan Güneş bulvarı, Galip Erdem caddesi, No.25, Oran)же  0-312-491-35-28телефондору боюнча кайрылууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт.

         Консулдук каттоодо турган, биометрикалык маалыматтарды берген жана Кыргызстандагы шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенген Кыргыз Республикасынын жарандары 2016-жылдын 18-ноябрына чейин Элчиликте белгиленген үлгүдөгү арызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн толтуруулары зарыл.

Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Анкара шаарындагы Элчилигинин консулдук бөлүмү - окуу, иштөө, дарылануу максатында же туугандарыныкына жана таанышыныкына келген жана Анкара консулдук округунда (Түркиянын борбордук, чыгыш, түштүк-чыгыш, түндүк областтары: Анкара, Адана, Газиантеп, Конья, Кайсери, Мерсин, Самсун, Трабзон, Чорум, Шанлыурфа, Эскишехир ж.б. шаарлар) үч айдан ашык мөөнөттө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын 2016-жылдын 18-ноябрына чейин консулдук каттоого туруу жана биометрикалык маалыматтарды берүү үчүн Элчиликке кайрылууларын өтүнөт. Жаныңызда Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту, студенттик билет же Түркияда жашап турууга уруксат берүүчү документ жана 3х4 өлчөмүндө сүрөт болушу зарыл.

Биометрикалык маалыматтарды берүү боюнча тактоо максатында, Элчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын www.shailoo.srs.kgпорталында жайгашкан маалыматтар менен таанышууну сунуштайт.  

 

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.