Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Пресс-релиз - 15/11/2016

2016-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинде Анкара шаарындагы Чанкая муниципалитетинин Адилеттик жана Өнүгүү Партиясынын (АК-Партия) эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Мурат Челеби башында турган делегация болду. Жолугушууга Анкара шаарындагы Чанкая муниципалитетинин Адилеттик жана Өнүгүү Партиясынын (АК-Партия) бөлүмүнүн аялдар жана жаштар канатынын өкүлдөрү А.Гюлер жана И.Толгун да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө М.Челеби өлкөдөгү абал жөнүндө кыскача маалымат берди, ошондой эле Элчиликти активдүү өз ара аракеттешүүгө чакыруу менен биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга жана мындан ары кызматтарууга даяр экендигин билдирди.
 
Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов 2016-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломаттык мамилелердин түзүлүшүнүн 25 жылдыгы белгиленип жаткандыгына токтолду. 
 
Түркияда болгон мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракеттеринин ордунан чыкпай калышын талкуулоонун жүрүшүндө, Элчи И.Жунусов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин мыйзамдын чегинде шайланган Түркиянын мамлекеттик жетекчилерин Кыргызстан колдой тургандыгын жана Түркиянын жетекчилигин кулатуу үчүн аскердик күчтөрдү  колдонууга жол берилбеши керектигин алгачкылардан болуп билдиргенин айтты. Өз кезегинде М.Челеби мырза бул тууралуу кабары болгондугун билдирди.
 
Элчи И.Жунусов боордош эки элдин тарыхый байланышын эске алып, Түркиянын Изник шаарында болуп өткөн согуш мезгилинен тартып, 1200 жылдан ашык мезгилди камтыган байланышты баса белгиледи. Муну менен, тараптардын биргелешип иштөөсүндө турган, Тарыхый музейди реконструкциялоо, Бишкек шаарына оорукана куруу сыяктуу долбоорлор жөнүндө кыскача маалымдап, Элчи Кыргызстандын Маданият күндөрүн Түркияда өткөрүү пландалып, анын так мөөнөттөрү иштелип жаткандыгын билдирди. 
 
Жолугушуу жагымдуу шартта өттү. 
 
 

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.