Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Пресс-релиз - 17/11/2016

2016-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун Кытай Эл Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Хонянг Ю менен жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз тараптын демилгеси менен уюштурулган бул жолугушуу, 2016-жылдын 30- августундагы Бишкек шаарындагы Кытай элчилигинде террордук чабуулдарды ишке ашырган шектүүлөрдү Туркиядан кармоо маселесин кароонун жүрүшүнө байланышкан кырдаалды талкулоо максатында өткөрүлдү, алынган маалыматтар боюнча шектүүлөр Стамбул шаарында жашырынууда.

Кытай Элчиси Хонянг Ю, аталган маселе 2016-жылдын 14-ноябрында Анкара шаарында Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер Министри Ван И менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер Министри Мевлют Чавушоглу менен болгон эки тараптуу жолугушуусунун алкагында талкууга алынгандыгын, анын жүрүшүндө кытай тарап Түркияда жашырынган террорчуларды тезинен колго түшүрүп, Кыргызстанга өткөрүп берүү зарыл экендигин баса белгиленгендигин маалымдады. 
 
Өз кезегинде Элчи И.Жунусов, азыркы учурда Элчилик Бишкек шаарындагы Китай Эл Республикасынын террордук чабуулдарды ишке ашырган деп шектелген террорчуларды колго түшүрүүнү тездетүү боюнча Түркиянын компетентүү органдары менен туруктуу иш жүргүзүлүп жаткандыгын билдирип, бирок түрк тараптан эч бир жооп азырынча келе электигин белгиледи.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи И.Жунусов, мындан ары бул өндүү кырдаалдардын кайталанышына жол бербөө үчүн айкын бир чараларды көрүү жана талкулоо максатында, кызматташуунун жана туруктуу байланышты колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
 
Жолугуушуу жагымдуу жагдайда өттү.
 
 

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.