Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Пресс-релиз - 19/11/2016

2016-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Жунусов Анкара шаарында окуган жана Түркияга окууга жаңы тапшырган кыргыз студенттери менен жолугушту.

         Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи студенттерди–биринчи курстун студенттерин жылуу маанайда кабылалып, аларга кийин Кыргызстан үчүн пайда алып келе тургандай жогорку кесипкөй адис болуу үчүн жаңы билим жана тажрыйбаны болушунча көп алууга умтулуулары керек экендигин сунуштады. Элчи И.Жунусов Түркияда билим алган жана ал жакка келген кыргыз жарандарынын ар кандай багыттагы маселелерин чечүүгө Элчилик активдүү катышып келгендигин жана мындан ары да катыша берерине студенттерди ынандырып өттү.

         Элчи И.Жунусов студенттерге 2016-жылдын 11-декабрына белгиленген, Түркияда, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин жана Стамбул шаарындагы Башкы Консулдугунун имаратында да өтө турган референдум туурасында билдирүү кылып, аларды референдумга активдүү катышууга жана өлкө үчүн маанилүү болгон окуядан четте калбоого чакырып өттү.

         Жагымдуу жана жылуу маанайда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө, Элчи И.Жунусов жана Элчиликтин кызматкерлери студенттерди кызыктырган түрдүү багыттагы, көптөгөн суроолорго жооп беришип, кызыктуу маек болду.

 

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.