2017-жылдын 15-ноябрында Анкарада Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Түркия жана Жакыңкы Чыгыш Мамлекеттик Башкаруу Институнун ректору Онур Өндер Арслан менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар илим жана билим берүү жаатында кызматташтык, тактап айтканда Кыргызстан жана Түркиянын илим чөйрөлөрүнүн катышуусу менен биргелешкен иш-чараларды уюштуруу туурасында макулдашты.
Ар кыл маселелер боюнча жемиштүү пикир алмашуу түрүндө өткөн жолугушуунун жыйынтыгында ар кандай иш-чара жана жолугушууларды туруктуу түрдө өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.
Мындан сырткары элчи Ибрагим Жунусов аталган институттун магистратура программасында билим алып жаткан Кыргызстандын өкүлдөрү менен жолугушту. Студенттер менен болгон маектешүүдө элчи алардын Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери катары окуу жана иштеги ийгиликтери, билими менен кыргыз элинин бай маданиятын, тарыхын жана салттарын Түркияга таанытып жатканын баса белгилеп, окууларына ийгилик каалады.