2017-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Хүсейин Яйман менен жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле маданият жана туризм жаатында байланыштарды активдештирүү маселелери талкууга алынды. Тараптар, Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Маданият күндөрүнө арналган Түркияда өткөрүлө турган бир катар иш –чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындан сырткары Кыргызстан жана Туркиянын ТЮРКСОЙ уюму менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле уюмдун өлкө-мүчөлөрүнүн кызматташуусун активдештирилүүсүнө багытталган орток кадамдар боюнча пикир алмашуулар жүргүзүлдү.
Жолугушуу жагымдуу шартта өттү.