Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Пресс-релиз - 28/03/2019

2019-жылдын 26- февралында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орунбасары С. Токтоболотов жетектеген делегациялык топ үчүн Түркия Республикасында жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун банги заты жана кылмыштуулук боюнча өкүлү катышышты. 

Кыргыз тарабы, Түркия Республикасынын Үй-бүлө, эмгек жана коомдук кызмат министрлигинин улуттар аралык жумушчу күчү бөлүмүнүн башкы мүдүрү Саадеттин Акйыл, ИИМдин миграцияны башарүү башкы башкармалыгынын башкы мүдүрү Абдуллах Аяз менен жолугушту. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптардын ортосунда миграция саясаты тармагында кызматташуу маселелери, мыйзамсыз мигранттардын алдын алуу, легалдуу эмес импорттоолор, адам сатуу жана башка темаларда кеп козголду. Чет өлкөлүк жараандардын убактылуу жашап туруу укугун жана эмгегин жөнгө салуу тууралуу эки өлкөнүн учурдагы мыйзамдары боюнча пикир жана маалымат алмашуулар болду.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы менен Түркия Республикасынын Үй-бүлө, эмгек жана коомдук кызмат Министрлигинин тийиштүү органдарынын жана Кыргыз Республикасынын ИИМ менен Түркия Республикасынын ИИМне караштуу Миграцияны башкаруу башкы башкармалыгынын оросундагы кызматташтыкты күчөтүүнү сүйлөшүштү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук Маалымат Агенттиги

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

Улуттук банк

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Кыргызча сөздүк

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.