Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо тууралуу» Мыйзамына ылайык, 2016-жылдын 11-декабры, жекшемби күнгө референдум (бүткүл элдик добуш берүү) белгиленген.
Түркия Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн, консулдук каттоого турган жана биометрикалык маалыматтарды берген Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Анкара шаарындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун имараттарында 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дөн 20.00гө чейин добуш бере алышат.