Кыргызча (Кыргызстан)Russian (CIS)Türkçe (Türkiye)English (United Kingdom)

Пресс релиз - 27/12/2017

2017-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси  Ибрагим Жунусовдун Түркия Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Исмаил Рюштю Джирит менен жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Кыргызстан менен Түркиянын арасындагы сот иштери боюнча кызматташтыгы тууралуу талкууга алынып, эки өлкөнүн сот бийликтеринин пикир алмашуу практикасынын зарылчылыгын баса белгилешти.
 
Мындан сырткары түрк тарабы 2018-жылдын март айында Түркиянын Жогорку Сотунун түзүлгөндүгүнүн 150-жылдыгына арналган иш-чара боло тургандыгын маалымдап, айтылган иш-чарага Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин өкүлдөрүнүн да чакырылаарын билдирди. 
 
Элчи И.Жунусов жана Төрага И.Р.Джирит мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында тыгыз байланыштарды сактоого даяр экендигин билдиришти.
 
Жолугушуу жагымдуу шартта өттү.
 

Kyrgyz National News Agency

To read news from Kyrgyz Republic please visit Kyrgyz State National News Agency KABAR. click here.

National Bank of Kyrgyz Republic

The National Bank of the Kyrgyz Republic, financial data and exchange rates. click here.

Dictionary in Kyrgyz

Basic translation support to those who seek specific word in Kyrgyz language. click here.